Ноокат – Папан унаа жолунун 5 чакырымы асфальтталды

Мамлекеттик маанидеги Ноокат – Папан унаа жолунун 5 чакырым аралыгы асфальтталды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашкандай, жолдун жаңыланышы айдоочулар жана жергиликтүү тургундар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүгө шарт түзөт.

Курулуш иштерин №37 Жол эксплуатациялоо ишканасы аткарды.

Министрлик тарабынан өлкө боюнча жолдорду оңдоо жана жаңылоо иштери бекитилген планга ылайык улантылууда.