Ноокат районунун Каранай айылында 225 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында турат

Ноокат районунун Каранай айылында 225 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында турат.

 

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, каржылоо республикалык бюджеттен каралып, долбоордун жалпы наркы 164 миллион сомду түзөт.

 

Башкы планга ылайык, мектеп үч блоктон турган үч кабаттуу имарат болуп салынды. Анда окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар каралган.