Ноокат районунун Тескей-Кожоке айылында 120 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда.
Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1 миң 650 чарчы метрди түзөт. Учурда объектте канализация тармактарын тартуу жана имараттын фасадын жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Бала бакчанын курулушуна 77 миллион сом каралган. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Объектти ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.



