Ноокатта 24 млн сомго жаңы спорт комплекс курулду

Ноокат районунун Муркут айылында жаңы спорткомплекс курулду.

 

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 24 млн сомду түздү.

 

Спорткомплексте спортчулар үчүн кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, ошондой эле волейбол, баскетбол жана футбол боюнча машыгууга жана мелдеш өткөрүүгө ылайыкталган көп функциялуу зал каралган.

 

Объект ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет.