Ноокатта быйыл жазгы талаа иштери 10-15 күнгө эрте башталды. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата райондо 200 гектардан ашык жер айдалып, анын ичинен 120 гектарына буудай, 36 гектарына арпа себилди.
Министрлик тарабынан дыйкан-фермерлерге үрөн, күйүүчү-майлоочу материалдар жана жер семирткичтер менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү колдоо көрсөтүлүүдө.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



