Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы билдирди.
13-июль түштөн кийин жана кечинде нөшөрлөп жааган жаандан улам Ноокен жана Ала-Бука райондорунда, Кочкор-Ата жана Майлуу-Суу шаарларында сел жүрдү.
Сел суулары 400дөн ашык турак жайлардын короолорун, мал сарайларын жана соода жайларын каптап, материалдык чыгымдарга учураткан.
Учурда Жарандык коргонуу кызматтары жана куткаруучулар тиешелүү техникалар менен жеринде тазалоо иштерин жүргүзүүдө.



