Ноокен районунда жаңы мектептин курулушу аяктады

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жаңы мектептин курулушу аяктады.

 

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, 150 орундуу мектеп Кыргызстан айылында жайгашкан. Имаратта окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, эмгекке үйрөтүү кабинеттеринен тышкары, жыйындар жана спорт залдары каралган.

 

Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашырылып, курулуш иштерине 90 миллион сомдон ашык каражат жумшалган.