Ноокен районундагы Кыргызстан айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулуп бүттү. Курулуш министрлигинен билдиришкендей, объект жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет.
Эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары компьютердик класс, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар жана спорт залы каралган.
Республикалык бюджеттен каржыланган мектептин курулушу 2024-жылы башталып, жалпы баасы 90 млн сомдон ашты.



