Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда №22 мектептин 275 орундуу жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, эки кабаттуу имаратта окуучулар үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп, окуу класстары тиешелүү эмеректер жана компьютерлер менен жабдылды.
Мектептин курулушу 2025-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.



