Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, Бирдик айылындагы мектеп 275 орунга ылайыкташтырылып, республикалык бюджеттен 73 млн сом бөлүнгөн. Учурда курулуштун 95 пайызы аяктады.
Ал эми Арал айылындагы билим берүү мекемеси 150 орунга чакталып, курулуш иштери соңуна чыгуу алдында турат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



