“Кызмат” мамлекеттик мекемеси 2026-жылы Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайларга коюлган өзгөчө ысымдар тууралуу маалымат берди. Тизмеге мамлекеттик каттоо системасында бир гана жолу кездешкен аттар кирген.
Алардын арасында Шох Жохон Мухаммад Расул, Шахрух Мирза, Июльбек, Карышкырбек, Дасталбек, Байангалый, Густав, Джими жана Олимпиадабек сыяктуу ысымдар бар.
Сейрек кездешкен кыздардын аттарынын катарында Алтынкирпик, Брилянтта, Врачкүль, Ромашка, Ива, Нарына, Алондра, Мулан, Тайсон жана Бактаалайбергенгүлүм аттары көрсөтүлгөн.
Мындан тышкары Окей, Учурашалы, Кызмат, Эдельвейсберг, Чайжанкул, Тажмахол, Салсабилбиби, Джихуара, Хермес жана Равулькастро сыяктуу өзгөчө ысымдар да катталган.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



