“Окуу китеби” мекемеси тарабынан мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептери эркин сатууга арналган эмес

“Окуу китеби” мекемеси тарабынан мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептери эркин сатууга арналган эмес.

 

Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, бул китептердин базарларда, дүкөндөрдө жана интернет аянтчаларында сатылып жаткан учурлары катталууда.

 

Буга байланыштуу тиешелүү чараларды көрүү үчүн Башкы прокуратурага, УКМКга жана ИИМге кайрылуулар жөнөтүлдү. Министрлик жарандарды мамлекеттик мектептерге арналган окуу китептерин сатпоого, жайылтпоого жана аларды сатууга ортомчу болбоого чакырат.