Окуу жылын дайыма 15-сентябрда баштоо чечими каралат

Кыргызстандын министрлер кабинети жаңы окуу жылын мындан ары дайыма 15-сентябрда баштоону талкуулаган жыйын өткөрөт. Бул тууралуу Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

 

Ал балдар мал карап же туризм тармагында иштеп калып, сабакты калтырып койгон учурларга токтолду. Окуучунун ден соолугуна жана билим берүүгө зыянын тийгизбей турган система керек.

 

Дүйнөдө окуу жылы 15-сентябрда башталган практика жок. Бирок бул — ыңгайлуу график. Мындан трагедия кылып кереги жок, — деди Кендирбаева.