Окуучуларга чыгарылган китептерге QR-код коюу пландалууда. Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, код аркылуу китептин кайсы аймакка, мектепке жана класска берилгени аныкталат.
Андан тышкары, QR-код окуучулар менен мугалимдерге китептин мазмунуна байланыштуу кошумча электрондук материалдарга жана санариптик ресурстарга кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Бул чечим мектеп китептеринин базарда сатылып жатканы талкууланган жыйында айтылды. Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев окуу китептеринин мыйзамсыз сатылышын текшерүүнү тапшырган.



