Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жогорку жана орто кесиптик билим берүүчү окуу жайларды студенттерден айып пул өндүрүүнү токтотууга чакырды. Маалыматта бул алардын билим алуу укугун чектей турганы жазылган.
Кыргызстандын жогорку жана кесиптик билим берүүчү окуу жайларында студент сабакты бир жолу калтырганы үчүн 1 миң сом айып пул төлөөгө милдеттүү экени айтылат.
Министрлик андай студенттерге мыйзам чегинде, акчага байланышпаган академиялык мүнөздөгү альтернативдүү чараларды көрүү сунушун берди.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



