“Олд Бишкек” соода комплекси кемчиликтерди оңдогонго чейин жабылат

Тиешелүү тапшырманы калаа башчы Айбек Жунушалиев берди.

 

Маалыматка ылайык, жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөк техникалык режимде ачылган, бирок ушул күнгө чейин объектти пайдаланууга берүү расмий түрдө ишке ашырылган эмес. Буга карабастан, комплекстин аймагындагы коммерциялык объекттер өз алдынча иш жүргүзүп келишет.

 

Айбек Жунушалиев соода түйүндөрү иштеп жаткан жер алдындагы өтмөктүн аймагын мөөр басып жабууну тапшырды. Инвестор өзүнө алган милдеттенмелерин толук аткармайынча жана объект расмий түрдө эксплуатацияга берилмейинче, бардык коммерциялык түйүндөрдүн ишмердүүлүгү токтотулду.

 

Жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөк мурдагыдай эле ачык бойдон калат.