Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигине дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси, Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) жана эл аралык башка уюмдардагы өлкөнүн туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу “Ынтымак ордо” кабарлады. Ал бул кызматта 2022-жылдан бери иштеп келаткан.

 

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлык боюнча Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси болуп дайындалды.

 

64 жаштагы Омар Султанов — Жогорку Кеңештин экс-спикери Марат Султановдун бир тууганы. Мурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси, Тышкы иштер министринин биринчи орун басары болгон.