Opta суперкомпьютери футбол боюнча 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын башкы фавориттерин атады. Анын версиясы боюнча жеңишке башкы талапкер — Испания. Командага 17 пайыз берилди.
Экинчи позицияда Франция курамасы турса, үчилтикти азыркы чемпион Аргентина бекитет. Эске салсак, футбол боюнча дүйнө чемпионаты АКШ, Канада жана Мексикада өтөт.



