Opta суперкомпьютери лондондук “Арсеналды” Чемпиондор лигасынын фаворити деп атады. Клубдун турнирде жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү 38,5 пайызга жетти. Экинчи орунда мюнхендик “Бавария” 33 пайызы менен турат.
Ал эми 19 пайыз менен үчилтикти ПСЖ бекитет. Эске салсак, Чемпиондор лигасынын жарым финалында “Арсенал” мадриддик “Атлетико” менен ойносо, “Бавария” финалга чыгуу укугун ПСЖ менен талашат.



