Ордо калаанын айрым билим берүү мекемелери газ менен жылытууга өткөрүлөт

Ордо калаанын айрым билим берүү мекемелери газ менен жылытууга өткөрүлөт. Газ системасы №12 бала бакчада, №23, 35, 15, 54, 59 жана 32-мектепте курулат. Бул максатта мэрия тендер жарыялады.

 

Долбоорду ишке ашыруунун баасы 6 миллион сомдон ашат. Белгилеп кетсек, газ менен жылытуу системасына өтүү менен экологияга зыян келтирүүнү азайтса болот.