Орто-Токой ГЭСи кийинки жылы колдонууга берилет

Орто-Токой ГЭСи кийинки жылы колдонууга берилет. Учурда гидроэлектр станциясынын курулушу кызуу жүрүп жатканын Энергетика министрлигинен билдиришти. Учурда ГЭСтин аймагында бетон заводу курулуп, көпүрө бекемделди.

 

Объектте 130 жумушчу иштеп жатат. Буга чейин куруучулар үчүн шаарча, курулуш материалдарын сактоо үчүн кампалар, бетон даярдоо түйүндөрү, компенсатордук курулуштар жана электр камсыздоо системалары тургузулган. Эске салсак, Орто-Токой ГЭСи Балыкчы шаарына жакын жерде Орто-Токой суу сактагычында жайгашкан. Станциянын долбоордук кубаттуулугу – 21 МВт, орточо жылдык электр энергия өндүрүшү – 75 млн кВт/саатты түзөт.