Орто-Токой ГЭСинде маанилүү энергетикалык объекттердин курулушу аяктады

«Чакан ГЭС» ишканасынан билдиришкендей, алар — 110 киловольт ачык бөлүштүрүүчү түзмөк менен 110 киловольт аба электр чубалгысы.

 

Объектте кубаттуулугу 25 миң киловольт-ампер болгон күч трансформатору да орнотулду. Бул өндүрүлгөн электр энергиясын өлкөнүн бирдиктүү энергетикалык тутумуна ишенимдүү өткөрүп берүүгө шарт түзөт.

 

Учурда долбоордун кийинки этабынын алкагында Орто-Токой ГЭСин «Кыргызстан улуттук электр тармагына” кошуу боюнча даярдык иштери жүргүзүлүүдө.