Ушул айдын аягында социалдык чөйрөдө иштеген 300 миңге жакын кызматкер көбөйтүлгөн айлык алат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында мугалимдердин айлыгы орто эсеп менен 35 миң сомдон 100 миң сомго чейин, ал эми дарыгерлердики 40 миң сомдон 90 миң сомго чейин жана андан жогору болот.



