ОСАГО полисин Бишкек, Ош жана Чүйдө күнү-түнү тариздөөгө болот

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун аталган жерлердеги филиалдары дем алышсыз, 24 саат бою иштеп баштады. Ага ылайык, ордо калаа тургундары Москва көчөсү, 71 дарегиндеги кеңсеге, түштүк калаа жашоочулары Касымбеков көчөсү, 30 дарегинде, Чүй облусунун жашоочулары Бишкек шаары, Абай көчөсү, 40 дарегинде майрам күндөрү да келип, автоунааларына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин алса болот.

 

Эске салсак, 1-июлдан тарта ОСАГО полисин албагандарга үч миң сом айып пул салынат. Юридикалык жактарга айып пулдун өлчөмү 13 миң сомду түзөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.