ОСАГО полисинин жоктугу үчүн айып салууну кийинки жылдын 1-июлуна чейин жылдыруу сунушталды

ОСАГО полисинин жоктугу үчүн айып салууну кийинки жылдын 1-июлуна чейин жылдыруу сунушталды. Экономика министрлиги тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Азыркы эрежеге ылайык, айыптар 1-январдан тарта салынат.

 

Бирок Кыргызстанда камсыздандыруу көрсөткүчү төмөн болууда. Алсак, өлкөдө миллиондон ашык унаа катталса, анын 108 миңи гана камсыздандырылган. Буга байланыштуу ведомство түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ОСАГО боюнча бардык маалыматты калкка жеткирүүнү пландап жатат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.