Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунда селдин кесепеттери жоюлууда

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, табигый кырсык кечээ, 7-июлда кечки саат 5ке жакын нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин болгон.

 

Сел суулары жолдун жээгине жана айрым тилкелерине зыян келтирген.

 

Учурда жолду тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Унаалардын кыймылына чектөө жок, каттам бар.