Ош – Баткен – Раззаков автожолунун 28 чакырымына асфальт басуу иштери аяктады.
Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, учурда машинелерге каттам берилди.
Эки тилкелүү жолдун курулушу ушул жылдын март айында башталган. Азыркы тапта тротуар, жол чырактар, жол белгилер жана жол чийиндери сыяктуу кошумча иштер аткарылууда.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



