“Ош” эл аралык аэропортунун аэробекетинин курулушу 2026-жылдын апрелинде бүтөт

“Ош” эл аралык аэропортунун аэробекетинин курулушу 2026-жылдын апрелинде бүтөт. “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынын төрагасы Манасбек Самидинов билдиргендей, долбоорго жалпысынан 17 миллион доллар багытталат.

 

Жаңы аэробекет эл аралык каттамдарга, ал эми  учурдагы аэробекет ички каттамдарга колдонулат. Жаңы терминалда жүргүнчүлөр үчүн кенен зал, заманбап каттоо жайлары, фуд-корт, эс алуу жайы, автоматташтырылган 650 орундуу унаа токтотмо жана башка ыңгайлуу шарттар каралат.