Ош — Кара-Суу унаа жолун капиталдык оңдоо иштерин ноябрда аяктоо пландалууда

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда тилкеде 100дөн ашык атайын техника иштеп жатат.

 

Жаңыланып жаткан жолдун жалпы узундугу дээрлик 19 чакырымды түзөт. Анын 10 чакырымына асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Ошондой эле тротуарлар жана туурасы 3 метр болгон веложол курулууда.

 

Долбоордун баасы 2,5 миллиард сомду түзөт.

 

Бул жол аймак үчүн стратегиялык мааниге ээ. Кара-Суу базарына алып барчу тилкеде 40 жылдан бери капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн эмес.