Өткөн жылдын жыйынтыгы менен Ош облусунда беш айыл аймак дотациядан чыкты. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагы, Ноокат районунун Кыргыз-Ата, Т.Зулпуев жана Н.Исанов айыл аймагы, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагы эми дотацияда эмес.
Бүгүнкү күндө Ош облусунда жалпы үч шаар жана 17 айыл аймак дотациядан чыкты.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



