Ош облусунда көмүрдү социалдык баада саткан түйүндөр ачылды.
Бул тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Аларда кара отундун бир тоннасынын баасы 6 миң сомдон, килограммы 6 сомдон деп орнотулду.
Кара-Кулжа районунда көмүрдүн бир тоннасын 6 миң 200 сомго сатып алса болот. Бул жергиликтүү калкты күз-кыш мезгилинде жеткиликтүү көмүр менен камсыздоо максатында кабыл алынган чара.



