Ош облусунда жаңы мектептин курулушу башталды. Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, 500 орундуу билим берүү мекемеси Өзгөн шаарында жайгашат.
Анда окуу класстары, лабораториялар, акты зал, медициналык кабинет жана эмгек кабинеттери каралган. Ал эми аймагында футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары курулат. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 260 миллион сомду түзөт. Каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.



