Ош облусунда жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүү токтотулат

Бул тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев билдирди.

 

Анын айтымында, өзгөчө учур катары социалдык жактан аялуу жарандарга — аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөргө, томолой жетимдерге жана жесирлерге гана жер тилкелери берилиши мүмкүн.

 

Аткаминер Кыргызстанда калктын саны өсүп жатканын, бирок жер аянты көбөйбөй турганын белгиледи.