Ош облусундагы 158 миңдей тургун таза суу менен камсыз болот

Ош облусундагы 158 миңдей тургун таза суу менен камсыз болот. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, долбоорду Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду каржылайт.

 

Анын алкагында Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы 32 айылдын суу түтүк системасы жаңыланат. Натыйжада миңдеген тургундардын таза сууга жеткиликтүүлүгү кеңейип, айылдардагы санитардык шарттар жакшырат.