Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылына шаар макамы берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.
Ошондой эле өлкө башчы аймактын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, көчөлөрүн оңдоого 500 миллион сом бөлдү. Каражат турукташтыруу фондунан берилет.



