Ош облусунун Чоң-Алай районунда 146 гектар жайыт жерлери турак-жайларды куруу алдына трансформацияланды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Чоң-Алай районунун акими Мирек Шамыркановдун айтымында, трансформацияланган жер тилкелеринде үйлөрдү бийлик эмес, жергиликтүү тургундар өздөрү курат.
Генералдык план иштелип чыкты, ага ылайык ар бир жаранга турак-жай салууга 10 сотых жер бөлүнөт. Участоктор ушул жылдын май айында берилип баштайт, ага чейин документтер даярдалат.



