Ош облусунун Кара-Суу районунда эт жана сүт азыктарын өндүрүүчү завод пайда болот

Ош облусунун Кара-Суу районунда эт жана сүт азыктарын өндүрүүчү завод пайда болот. Объекттин курулушу менен министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев таанышты.

 

Ишкана Манас айыл аймагында жайгашат. Долбоордун сметалык наркы 427 миллион сомду түзөт. Иштер жыл аягына чейин жыйынтыкталат деп күтүлүүдө. Заводдо 300 жергиликтүү тургунга жумуш орду пайда болот.