Ош облусунун Кара-Суу районунда этти кайра иштетүүчү ишкана ачылды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр-жайы министрлигинен билдиришкендей, завод заманбап жабдуулар менен камсыздалып, бардык санитардык жана техникалык талаптарга жооп берет.
Объекттин ишке кириши менен аймакта мал чарбачылыгы өнүгүп, кошумча жумуш орундары түзүлүп, жергиликтүү калк сапаттуу эт продукциясы менен камсыздалат.



