Ош облусунун Өзгөн районунда жаңы мектеп ачылды. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, ал Ана-Кызыл айылында жайгашат. Имарат 275 окуучуга эсептелген.
Мектеп “Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын коркунучуна туруктуулукту бекемдөө” долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен салынды.



