Ош шаарын таза суу менен камсыздай турган башкы суу алуучу тосмонун курулушу жыл аягына чейин жыйынтыкталат

Ош шаарын таза суу менен камсыздай турган башкы суу алуучу тосмонун курулушу жыл аягына чейин жыйынтыкталат. Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынан билдиришти.

 

Эске салсак, Азия өнүктүрүү банкынын гранттык жана Ош мэриясынын каражаттарынын эсебинен башкы суу алуучу жайды жана Төлөйкөн айылындагы иштеп жаткан дамбага чейин эки суу өткөрүүчү түтүк куруу каралган. Аталган жумуштар калк ичкен таза сууну сел агындыларынан коргоого багытталат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.