Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Мындан тышкары, жергиликтүү бюджеттин эсебинен дагы жети мектептин кошумча корпусу курулуп, айрымдары пайдаланууга берилди. Калган объектилерде курулуш иштери уланууда.
Долбоорлор окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүп, Ош шаарындагы билим берүү инфраструктурасын кеңейтүүгө багытталган.



