Учурда Ош шаарында 5 миң 518 ипотекалык батир курулууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ош шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган «Асман Резиденс №1» турак жай комплексинин ачылыш аземинде билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, өлкөнүн бардык аймактарында бүгүнкү күндө жалпысынан 82 миңден ашык ипотекалык батирдин курулушу жүрүүдө.



