Ош шаарында бир катар мектеп жана бала бакчалар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.
Муниципалитеттен билдиришкендей, иштер №38 Барпы Алыкулов атындагы мектеп-гимназиясында, №41 Хабиб Абдуллаев атындагы орто мектепте, ошондой эле «Таң шоола» жана «Топ жылдыз» балдар бакчаларында жүрүүдө.
Мектептерди жаңы окуу жылына чейин бүткөрүп, пайдаланууга берүү пландалып жатат.



