Ош шаарында электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү киргизилди

Ош шаарында электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү киргизилди. Кыргызстандын электр тармактары компаниясынын маалыматына ылайык, күн сайын 2 маал 1,5 сааттан жарык өчүрүлүп турат.

 

Мындай чектөөлөр 31-январга чейин күчүндө болот. Энерго компаниялардан ишендиришкендей, бул чаралар жабдууларга күч келип, алардын иштен чыгышын алдын алууга багытталат.