Ош шаарында таштандыны кайра иштетип, электр энергиясын өндүрө турган заводдун курулушу уланууда

Ош шаарында таштандыны кайра иштетип, электр энергиясын өндүрө турган заводдун курулушу уланууда.

 

Бул Кыргызстандагы ушундай экинчи ири ишкана болот. Учурда имараттын биринчи кабаты бүтүп, экинчи кабатында иштер жүрүп жатат.

 

Долбоордун баасы 8 миллиард 312 миллион сомду түзөт. Завод суткасына 800 тоннадан ашык таштанды иштетип, 30 мегаваттка чейин электр энергиясын өндүрөт. Ишкананы 2027-жылдын аягында ишке берүү пландалууда.