Ош шаарында таштандыны кайра иштеткен заводдун курулушу башталды. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди. Аталган долбоордун алкагында катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү завод курулат.
Биринчи этапта суткасына 850 тоннага чейин таштанды иштетүү мүмкүнчүлүгү каралып, саатына 30 МВт электр энергиясын өндүрүү пландалууда. Аны Энергетика министрлиги сатып алат. Заводдун курулушуна Кытай тараптан жалпы 95 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция тартылат.



