Ош шаарында заманбап футбол аренасы курулат

Ош шаарында заманбап футбол аренасы курулат.

 

Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. “Ош арена” комплекси 5 миң 200 орундуу болот. Жаңы футбол аренасы келечекте республикалык жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн заманбап спорттук жайлардын бири болуп, өлкөдө футбол инфраструктурасын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот.