Ош шаарындагы Киров атындагы мектепке 200 орундуу жаңы окуу имараттын курулушу башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, кошумча имаратта окуучулар үчүн заманбап шарттар түзүлөт.
Курулуш мектептеги орун жетишсиздигин азайтууга багытталган. Мэр Жанарбек Акаев белгилегендей, учурда Ош шаарында жалпысынан 17 мектептин курулушу жүрүүдө.



