Ош шаарындагы Увам каналынын жээгине жаңы заманбап сквер курулат. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде ишке ашат.
Жаңы эс алуу аймагында жөө жүрүүчү жолдор, жашыл тилкелер, отургучтар жана жарыктандыруу орнотулат. Долбоор шаар тургундары үчүн коопсуз жана көрктүү эс алуу жайын түзүүгө багытталган.



