Ош шаарынын бийлиги Бишкек жөнөткөн 25 троллейбустан баш тартып, кайра артка жиберет. Бул тууралуу шаардык кеңештин отурумунда вице-мэр Эрнис Толтоев билдирди.
Анын айтымында, буга транспорттун начар техникалык абалы себеп болду. Жалпысынан Ошко 75 троллейбус барган, алар азырынча шаардын балансына алына элек, текшерүүдө 25 троллейбустун абалы канааттандыраарлык эмес экени аныкталды, — деди Толтоев. Эске салсак, Бишкек электробустарга өтүп, эски троллейбустарды Ош шаарына жөнөткөн.



